Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жыргалчылык, телегейи тегиз, бейпил турмуш болуу, жыргал заман орноо. Кой үстүндө торгой жумурткалап, жесир катын миң кой айдап, мал башын бура албай, нандан кашек чыгып калган заман келер! (Ш. Үмөталиев). Алыш-бериш, катышыңарды улап, кой үстүндө торгой жумурткалаган, байгерчиликте жашай бересиңер (Бейшеналиев). Токчулук деген кой үстүндө торгой жумурткалайт, - деп эңсеген заман ушул (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыргалчылык, телегейи тегиз, бейпил турмуш болуу, жыргал заман орноо. Кой үстүнө боз торгой, Жумурткалап жайнасын («Манас»). Кой үстүндө торгой жумурткалап, жесир катын миң кой айдап, мал башын бура албай, нандан кашек чыгып калган заман келер! (Ш.Үмөталиев). Алыш-бериш, катышыңарды улап, кой үстүндө торгой жумурткалаган, байгерчиликте жашай бересиңер (Бейшеналиев).